Азербайжан камакка алынган 10 аскерди Арменияга өткөрүп берди
Европа Кеңешинин арачылыгы менен экстрадициялангандардын 16-ноябрда Келбежерде эки өлкөнүн чек арасы багытында провокация жасоого аракет кылып жатканда кармалган аскерлер экени белгиленди.
Азербайжандын туткундар, дайынсыз жоголгон жана барымтадагы жарандар боюнча мамлекеттик комитети 10 армян аскеринин мекенине кайтарылганын билдирди.
Билдирүүдө Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин демилгеси менен 14-декабрда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде болгон Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын үч тараптуу жолугушуусу жана Алиев менен Мишелдин эки тараптуу жолугушуусунун натыйжасында жана гуманизмдин принциптерине берилгендигинин көрүнүшү катары камоого алынган армян аскерлери кайтып келгени маалымдалды.
Европа Кеңешинин арачылыгы менен экстрадициялангандардын 16-ноябрда Келбежерде эки өлкөнүн чек арасы багытында провокация жасоого аракет кылып жатканда кармалган аскерлер экени белгиленди.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.