Самарканд 2023 - жылдын дүйнөлүк туризмдин борбор шаары
2023 - жылы Самаркандда БУУнун дүйнөлүк турзим уюмунун 25 - жыйынынын өткөрүлөрү маалымдалды.
Өзбекстандын тарыхый Самарканд шаары 2023 – жылдын дүйнөлүк туризмдин борбор шаары болуп тандалды.
Өзбекстандын Туризм жана спорт министрлигинен берилген маалыматта Испаниянын борбор шаары Мадриддеөткөн жана Өзбестандан вице- премьер, туризм жана спорт министри Азиз Абдухакимов катышкан БУУнундүйнөлүк турзим уюмунун 24 – жыйынында Самарканд шаарынын 2023 - жылдын дүйнөлүк туризмдин борбор шаары болуп тандалгандыгы билдирилди.
Ушул алкакта 2023 - жылы Самаркандда БУУнун дүйнөлүк турзим уюмунун 25 - жыйынынын өткөрүлөрү маалымдалып, бул жыйындын Өзбекстанда өткөрүлүшү тарыхый окуя экендиги баса белгиленди.
Маалыматта Өзбекстанда биринчи жолу БУУнун негизиндеги бир уюмдун жыйын өткөрүшү өкмөттүн акыркы жылдарда жүргүзгөн саясаты жана өлкөдө туризмдин өнүктүрүлүшүнө карата аракеттеринин жыйынтыгы экендиги айтылып, жыйындын Өзбекстанда өткөрүлүшү менен өлкөнүн туризм мүмкүнчүлүктөрүнүн таантылышына жана туризмдин дагы да өнүктүрүлүшүгө салым кошору баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.