Кыргызстанда "Манас" эпосу күнү белгиленди

Кыргызстанда алты жыл мурда жарыяланган 4 -декабрь «Манас» эпосу күнү уюштурулган концерттер менен белгиленди.

1742981
Кыргызстанда "Манас" эпосу күнү белгиленди
kirgizistan manas destani gunu1.jpg
kirgizistan manas destani gunu.jpg

 Кыргызстанда алты жыл мурда жарыяланган 4 - декабрь «Манас» эпосу күнү уюштурулган концерттер менен белгиленди.

Борбор шаар Бишкектеги мамлекеттик концерт залында уюштурлган концерттик программага 500 миң 553 саптан турган «Манс» посун жатка билгендер, бюрократтар, аскерлер, жаштар жана коноктор катышты.

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманакулов бул жерде сөз сүйлөп, Россия падышачылыгы мезгилинде «Манас» эпосунун таанылышында эмгек кылгандарга ыраазычылык билдирүү менен эскерип, жаш муундардын «Манас» эпосун ушул кезге чейинканчалаган кыйынчылыктар менен жеткендигин жана эпостун жашатылышында салым кошкондорду билиши керектигин айтты.

Жаманкулов эпостун 4 - декабрда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине алынгандыгын айтты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да «Манас» эпосунун ар бир кыргыз үй- бүлөсүндө билингендигин, театр, китеп жана кинолорго тема болгондугун баса белгиледи.

Касмамбетов эпосто кыргыз мамлекетинин башкаруу  формасы, эл аралык карым- катнаштары, экономикасы, саясаты, этникалык элдер аралык карым- катнаштарды, келечекке кеткен жолду, максатты жана патриоттуулук чагылдырылгандыгын айтты.

«Манас» эпосу«Манас», «Семетей» жана «Сейтек» үч илтиктен жана 500 миң 553 саптан турат.

Эпос 100 жыл мурунку кыргыздардын каарманы Манасты, элдин турмуштук стили, каада – салт, диний ишеничтер, элдер арасындагы карым- катнаштар менен бирге баатырдык окуяларды камтыйт.

Эң чоң эпос катары дүйнөлүк рекорддор китебине кирген эпосту бүтүндөй жатка билген жана айтып берүүнү кесип катары кабыл алган кишилер Манасчы деп аталат.



Тектеш кабарлар