Азербайжанда аскердик тик учак кулады

Билдирүүдө тик учактын экипажынан каза болгондор жана жаракат алгандар бар экени белгиленди.

1740720
Азербайжанда аскердик тик учак кулады

Азербайжанда Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик тик учагы кулады.

Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүндө, кырсыктын жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.40 чамасында Хызы аймагындагы Карахейбет аба майданында болгону кабарланды.

Билдирүүдө тик учактын экипажынан каза болгондор жана жаракат алгандар бар экени белгиленди.

Окуя болгон жерге Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Башкы прокуратуранын жогорку даражалуу кызматкерлери барып, кырсык боюнча иликтөө иштери башталганы айтылды.



Тектеш кабарлар