Казакстан заманбап оорукана курууда Түркиянын тажрыйбасынан пайдаланат
Министр Мамин, өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы тууралуу билдирүү жасады.
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин өлкөдө курула турган 20 заманбап оорукана үчүн Түркиянын тажрыйбасынан пайдалана тургандарын айтты.
Министр Мамин өткөргөн маалымат жыйында, өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы тууралуу билдирүү жасады.
Коронавирус (Ковид-19) пандемиясы мезгилинде өлкө боюнча кыска убакыттын ичинде 18 оорукананы курууга жетишкендерин белгилеген Мамин: «Биз Казакстанда дагы 20 заманбап оорукана курууну пландап жатабыз»,- деди.
Премьер-министр Мамин бул жаатта заманбап типтеги ооруканаларды курууда маанилүү иштерди жасаган Түркиянын тажрыйбасын иликтегендерин баса белгилеп: «Түркияга болгон иш сапарымда ушул сыяктуу ооруканаларда иликтөөлөрдү жүргүздүм. Биз дагы ушул типтеги ооруканаларды ишке киргизебиз. Учурда өлкөбүздө Түркия модели менен мамлекеттик-жеке кызматташуунун алкагында бир нече ооруканалар курулууда»,-деп билдирди.