Хасанов: «Түрк куралдуу күчтөрү (TКK) дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын бири»

Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов Жеңиш майрамынан улам Азербайжанга барган улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1731419
Хасанов: «Түрк куралдуу күчтөрү (TКK) дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын бири»

Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов Азербайжан армиясынан көп сандаган аскердин Түркияда билим алганын баса белгилеп, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (TКK) дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын бири экенин белгиледи.

Хасанов Жеңиш майрамынан улам Азербайжанга барган улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Хасанов, Азербайжан армиясы (1 жыл мурун) Башкы командир Илхам Алиевдин жетекчилигинде (2-Карабах согушунда) 44 күндүн ичинде армян армиясын талкалаганын жана  аймактык бүтүндүгүн камсыздаганын айтты.

Хасанов Азербайжан армиясынын согушта жогорку профессионалдык чеберчиликти көрсөткөнүн белгилеп: «Азербайжан армиясынан көптөгөн жоокерлер Түркияда машыгуудан өттү. Түрк куралдуу күчтөрү дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын бири. Улутубуз, динибиз, тилибиз, маданиятыбыз бир. Биз бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, ТККнын тажрыйбасынан ийгиликтүү пайдаландык. Биз муну улантабыз»,-деп айтты.

«Президент Илхам Алиевдин көрсөтмөсү менен биз согуштун жыйынтыктарын талдап чыктык жана армияны TКК моделине ылайык кайра түзүүдөбүз»,-деген Хасанов: «Азербайжан армиясы согушта Түркияда жасалган заманбап курал-жарактарды, ок-дарыларды жана окторду да колдонду. Бул дагы абдан маанилүү маселе. Түркиянын коргонуу өнөр жайы абдан өнүктү. Бир гана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар ​​(SİHA) эмес, Түркияда жасалган замбиректерди, ракеталарды, таамай тийген окторду, учкучсуз учуучу аппараттарга каршы техниканы да колдондук. Албетте, Байрактарды (SİHA) да колдондук»,-деп баса белгиледи.

Хасанов, президент Илхам Алиевдин «Бул жеңиш биздин биримдигибиздин жеңиши» деген сөздөрүн эске салып, «Бул бүтүндөй Түрк дүйнөсүнүн жеңиши»,-деди.



Тектеш кабарлар