ТКТРда ТҮРКСОЙдун сүрөт көргөзмөсү ачылды

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Жакынкы Чыгыш университетинин (NEU) «Ататүрк» маданият жана конгресс борборунун көргөзмө залында ТҮРКСОЙдун сүрөт көргөзмөсү ачылды.

1728995
ТКТРда ТҮРКСОЙдун сүрөт көргөзмөсү ачылды
kktc Turksoy fotograf sergisi3.jpg
kktc Turksoy fotograf sergisi2.jpg
kktc Turksoy fotograf sergisi1.jpg
kktc Turksoy fotograf sergisi.jpg

Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) Түрк Республикаларынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата «Түрксой сүрөт көргөзмөсү» ачылды.

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Жакынкы Чыгыш университетинин (NEU) «Ататүрк» маданият жана конгресс борборунун көргөзмө залында Жакынкы Чыгыш университети (NEDU) жана Эл аралык Түрк маданияттары уюмунун(ТҮРКСОЙ)  кызматташуусу менен сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн ачылышына президент Эрсин Татар, саламаттыкты сактоо министри Үнал Үстел, Түркиянын Левкошадагы элчиси Али Мурат Башчери, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүсен Касеинов жана башка коноктор катышты.

Көргөзмөнүн ачылышында сөз сүйлөгөн президент Татар, ТКТР таанылуу жагынан кыйынчылыктар болсо да, көз карандысыз өлкө катары түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү экенин баса белгилеп: «30 жыл мурун Түрк Республикалары эгемендүүлүккө ээ болушкан. Биз кипр түрктөрү катары эгемендүүлүккө чоң күрөш менен жеттик. Өз келечегибизди өз алдынча аныктоо укугунун алкагында Кипр түрк эли да эгемендүүлүгүн жана бар болушун сактап калуу эрктерин көрсөттү. Эгемендүү республиканын чатыры астында. Өтө алыс эмес келечекте, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эгемендүүлүгүнүн таанылышы менен Түрк Кеңешинин туруктуу мүчөсү катары ордубузду алабыз деп ишенем. Анткени биздин ордубуз түрк дүйнөсүндө»,-деди.

Көргөзмөгө Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын жаратылышын, тарыхын, архитектуралык текстурасын, адамдык пейзаждарын, маданиятын жана искусствосун чагылдырган эмгектер коюлган.

Түрк республикаларынын кооз жерлерин чагылдырган эмгектерден турган көргөзмөнү 15-ноябрга чейин көрүүгө болот.



Тектеш кабарлар