Алиев Эрдоганды Республика майрамынан улам куттуктады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев президент Режеп Таййип Эрдоганга 29-октябрь Республика майрамынан улам куттуктоо жолдоду.

1726313
Алиев Эрдоганды Республика майрамынан улам куттуктады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев президент Режеп Таййип Эрдоганга 29-октябрь Республика майрамынан улам куттуктоо жолдоду.

Эрдоганды жана түрк элин жеке өзүнүн жана азербайжан элинин атынан Түркия Республикасынын негизделгенинин жылдыгы менен куттуктаган Алиев, саясий, экономикалык жана аскердик жактан күчтүү жана туруктуу Түркиянын эл аралык аренада абдан маанилүү орду бар экенин белгиледи.

Эрдогандын жетекчилигинде ишке ашырылган масштабдуу программалардын жана долбоорлордун Түркиянын ар тараптан илгерилөөсүнө жана жогорулоосуна кызмат кылганын билдирген Алиев, стратегиялык өнүгүү линиясынын ийгиликтүү болушунда түрк элинин Эрдоганга болгон чоң ишениминин эң маанилүү фактор экенин белгиледи.

Түркия менен Азербайжандын ортосундагы достук жана боордоштук карым-катнаштарынын эки элдин орток тарыхы, улуттук жана руханий баалуулуктары сыяктуу бекем негиздер боюнча түзүлгөнүн белгилеген Алиев билдирүүсүндө төмөнкүдөй сөздөргө орун берди: «Учурда биз бул мамилелердин тарыхый мезгилине күбө болуудабыз.Шуша декларациясында көрсөтүлгөн максаттарга жана багыттарга ылайык биздин союздук мамилелерибиз күндөн-күнгө кеңейип, жаңы мазмун менен байып баратат.

Азербайжандын өз жерлерин бошотуу үчүн күрөшүндө сиздин, боордош түрк мамлекетинин жана элинин чечкиндүү саясий жана моралдык колдоосу чоң роль ойноду. Азербайжан менен Түркиянын тилектештигин бүткүл дүйнөгө дагы бир жолу көрсөткөн бул колдоону элибиз эч качан унутпайт.

«Бир эл, эки мамлекет» принцибине ылайык, ынтымагыбызды, бардык тармактардагы натыйжалуу жана жигердүү кызматташтыгыбызды мындан ары да чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерибизди улантабыз деп толук ишенем».



Тектеш кабарлар