Казакстандагы жарылуудан каза тапкандардын саны көбөйдү

Казакстанда аскердик бөлүктүн ок-дары кампасында жарылуу болду.

1698456
Казакстандагы жарылуудан каза тапкандардын саны көбөйдү

Казакстандын түштүгүндөгү Жамбыл облусунун Байзаков районунда жайгашкан аскердик бөлүктүн ок-дары кампасында кечээ болгон жарылуулардан каза болгондордун саны 9га жеткени кабарланды.

Казакстанда аскердик бөлүктүн ок-дары кампасында жарылуу болду. Окуяда 9 аскер кызматкери каза болуп, 90 киши жаракат алды. Жарылуудан кийин 4 кишинин дайынсыз экени белгиленди.

Айланасындагы айылдарда жашагандар эвакуацияланды.

Оорукананын жетекчилиги, жаракат алгандардын көбү биринчи кийлигишүүдөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөндүгүн, 6сы оор 28 жаралуунун ооруканада дарылануусун улантып жатканын маалымдады.

Жарылуу болгон аймактан эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайта баштаганы белгилүү болду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевге көңүл айтты.

«Адамдардын өлүмүнө алып келген жарылуу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен уктум. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атынан каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, үй-бүлөлөрүнө көңүл айтамын»,-деди.

Өрттүн себеби кампадагы жардыруучу заттар болушу мүмкүн экени айтылганы менен, полиция саботаж ыктымалдуулугуна токтолууда.



Тектеш кабарлар