Ооганстандагы БУУнун кызматкерлери Казакстанга кетти

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстанда кызмат кылган БУУнун (БУУ) эл аралык кызматкерлерин ташыган биринчи учак Алматы аэропортуна конгонун билдирди.

1693954
Ооганстандагы БУУнун кызматкерлери Казакстанга кетти

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстанда кызмат кылган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эл аралык кызматкерлерин ташыган биринчи учак Алматы аэропортуна конгонун билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө Ооганстандагы ички саясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу БУУ каралып жаткан өлкөдөгү кызматкерлерин Казакстанга убактылуу көчүрүү өтүнүчү менен кайрылгандыгы айтылган.

Казакстандын БУУ менен көп тараптуу кызматташтыкты ишке ашырганына көңүл бурулган билдирүүдө, «Уюмдун толук кандуу мүчөсү катары президент Касым Жомарт Токаев БУУну колдоо чечимин кабыл алды»,делди.

Билдирүүдө БУУнун Ооганстандагы эл аралык кызматкерлерин ташыган биринчи учак Алматы аэропортуна конгону маалымдалды.

«БУУнун жардам берүү миссиясы (UNAMA) жана башка филиалдары Ооганстанда абал турукташканга чейин 6 айга жакын убакытка Алматыда убактылуу иштейт. Бардык чыгымдарды БУУ көтөрөт»,деп айтылды.

Буга чейин БУУнун Башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Кабулдан Казакстандын Алматы шаарына 100гө жакын эл аралык кызматкерлер эвакуацияланарын айткан.

Дюжаррик гуманитардык кызматкерлер Ооганстанда калганын жана миллиондогон адамдарга жардам көрсөткөнүн билдирди.

Жекшембиде борбор калаа Кабулду курчап алган талибдер президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып, өкмөттүк күчтөр баш калааны таштап кеткенде шаарды чыр -чатаксыз көзөмөлгө алышты.



Тектеш кабарлар