Өзбекстанда чек араны бузган афган учагы атып түшүрүлдү

Өзбекстан чек араны бузган афган учагынын куралдуу күчтөр тарабынан атып түшүрүлгөндүгүн билдирди.

1692136
Өзбекстанда  чек араны бузган афган учагы атып түшүрүлдү

 Өзбекстан чек араны бузган афган учагынын куралдуу күчтөр тарабынан атып түшүрүлгөндүгүн билдирди.

Коргоо министрлигинен берилген маалыматта абадан коргонуу бөлүктөрүнүн кечээ түнү Афганистан куралдуу күчтөрүнө таандык аскердик учактын өлкөнүн аба мейкиндигин бузуусун алдына алгандыгы белгиленди.

Бул тууралуу тергөө иштеринин башталгандыгы белгиленген билдирүүдө каза болгондордун болбогондугу маалымдалды.

Мындан мурда жергиликтүү маалымат каражаттарында орун алган кабарда кечээ түнү Өзбекстандын Афганистан менен чектеш Сурхандеря аймагында афган куралдуу күчтөрүнө таандык учактын түшкөндүгү, учактагы эки афган аскеринин жаракат алгандыгы билдирилген.



Тектеш кабарлар