Түркия токой өрттөрүнө каршы күрөштө ТКТРна колдоо көрсөтүүдө

Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба министрлигинин токой чарбасынын башкы директорлугунун буйругу менен өрт өчүргүч тик учагы Түндүк Кипр Түрк Республикасында иштей баштады.

1670124
Түркия токой өрттөрүнө каршы күрөштө ТКТРна колдоо көрсөтүүдө

Түркия тарабынан Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) белек кылынган 5 мобилдик камера жана күн батареялары белгиленген токой аянттарына орнотулуп, биринчи жолу Түндүк Кипрде өрт өчүргүч тик учагы жайгаштырылды.

Түркиянын Левкошадагы Элчилигинин Өнүгүү жана экономикалык кызматташтык бюросу (BSEC) тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүгө ылайык, Түркиянын Айыл чарба жана Токой чарбачылыгы министрлигине караштуу токой чарбасынын башкы дирекциясы тарабынан токой өрттөрүнө каршы колдонулушу үчүн ТКТР токой департаментине кайрым кылынган жана 21-апрелде Левкошадагы элчи Али Мурат Башчери тарабынан ТКТРнын Айыл чарба жана жаратылыш ресурстары министри Назым Чавушоглуна жеткирилген 5 көчмө өрт көзөмөлдөөчү камера жана 2 мобилдик күн панели атайын токой аянттарына жайгаштырылды.

Көчмө өрт көзөмөлдөөчү камералар пикниктик өрттү 3 чакырым аралыкта аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба министрлигинин токой чарбасынын башкы директорлугунун буйругу менен өрт өчүргүч тик учагы Түндүк Кипр Түрк Республикасында иштей баштады.

Өрт тик учагы, 26-июнда Серхаткөй менен Гайреткөйдүн ортосунда чыккан өрттү өчүрүү менен алгачкы миссиясын ийгиликтүү аяктады.

Негизги кош кыймылдаткычы жана учуу салмагы 12 миң 700 килограммды түзгөн өрт өчүргүч тик учагы 3 жарым тонна суу ыргытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.



Тектеш кабарлар