Армения Азербайжан позицияларын аткылады
Азербайжан аскерлеринин каза болбогону жана жаракат албаганы, окуя болгон аймакта абалдын туруктуу экендиги билдирилди.
1664340
Азербайжандын коргоо министрлиги армян аскерлеринин эки өлкөнүн чек арасындагы Товуз багытындагы Азербайжан позицияларына ок аткандыгын жарыялады.
Министрликтин билдирүүсүндө, кечээ Армения аскерлеринин Берд провинциясынын Айгедзор аймагынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.30дан баштап Товуз облусунун Мунчуклу айылы тараптагы Азербайжан позицияларын аткылаганы маалымдалды.
Билдирүүдө Азербайжан аскерлеринин каза болбогону жана жаракат албаганы, окуя болгон аймакта абалдын туруктуу экендиги белгиленди.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.