Өзбекстан ТҮРКПАга мүчө болууну чечти

ТүркПАнын делегациясын жетектеген, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Стамбулдан депутаты Исмет Учма жана аны коштогон делегация Өзбекстандын Сенатынын төрагасынын биринчи орун басары Садык Сафаев менен жолугушту.

1662815
Өзбекстан ТҮРКПАга мүчө болууну чечти

Өзбекстан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) мүчөсү болууну чечти.

Өзбекстанда жолугушууларын уланткан Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын депутаттарынан турган ТүркПАнын делегациясын жетектеген, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Стамбулдан депутаты Исмет Учма жана аны коштогон делегация Өзбекстандын Сенатынын төрагасынын биринчи орун басары Садык Сафаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөр менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин абалы жана Өзбекстан парламенти менен ТүркПАнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер талкууланды.

ТҮРКПАнын делегациясын жетектеген Учма, Өзбекстандын мурунку учурдагыдай эле түрк дүйнөсүндө өзгөчө орду бар экендигин белгилеп, ТҮРКПА катары Өзбекстан менен ар тараптуу мамилелерди өнүктүргүсү келгендигин баса белгиледи.

Сафаев ошондой эле Өзбекстан Түрк Кеңеши менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгилеп, ушул алкакта өзбек парламенти ТүркПА менен мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирди.

Өз өлкөсү келечекте ТүркПАга мүчө болууну пландап жаткандыгын баса белгилеген Сафаев: «Өзбекстан ТүркПАнын мүчөсү болууну чечти»,-деди.



Тектеш кабарлар