Азербайжандан Армения башкаруусуна сунуш билдирилди

Азербайжан менен Армениянын ортосунда чек араны белгилөө боюнча чыңалуулар болууда.

1639437
Азербайжандан Армения башкаруусуна сунуш билдирилди

Азербайжан менен Армениянын ортосунда чек араны белгилөө боюнча чыңалуулар болууда.

Азербайжан армиясынын Армениянын оккупациясынан бошотулган Лачын жана Келбежер облустарында Армения менен чек арадагы позицияларга жайгашуусу эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууга себеп болду.

Армениянын премьер- министри Никол Пашинян Азербайжан армиясы жайгашкан айрым аймактардын Армениянын жери экендигин айтып бул тууралуу тийиштүү Коллективдүү Коопсуздук Келишими Уюмуна кайрылуу чечимин кабыл алды.

Азербайжан тышкы иштер министрлигинин катчысы Лейла Абдуллаева Азербайжандын өз жеринин бүтүндүгүнүн негизинде чек араны коргоо системасынын күчтөндүрүлүшүнө карата чараларды көргөндүгүн, бул иштердин карталарды колдонуу менен жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

Советтер союзунун таркашынан кийин эки өлкөнүн согушунан улам чек ара линиясынын болбогондугун айткан Абдуллаева азыркы учурда тараптардын ортосунда келишпестиктерди коштогон баш- аламан бир процесстин жүргүзүлгөндүгүн айтты.

Абдуллаева Армениянын чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялашы өлкөдөгү шайлоодон мурунку абал менен байланыштуу экендигин билдирди.

Армян сасий жана аскердик чөйрөлөрүнүн дүрбөлөңгө түшпөшү керектигин сунуш кылган Абдуллаева : «Ереван башкаруусуна Азербайжандын Зенгилан, Губадлы, Лачын жана Келбежер аймактарындагы чек ара режими чындыгын кабыл алууларын, аймактагы абалды күчөтпөө керектигин сунуш кылабыз. Мындай окуялар эки тараптын аскердик жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүү жолу менен чечилет»,- деди.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Армениянын тышкы иштер министри Ара Айвазян менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун кезектешкен башкаруучусу жана Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде да Байрамов жана Айвазиянменен телефон аркылуу бул маселе тууралуу сүйлөштү.

Армениянын премьер - министри Пашинян да Россиянын президенти В. Путинге телефон чалып сүйлөштү.



Тектеш кабарлар