Азербайжан армиясы 15 миң аскер менен машыгуу өткөрөт

Машыгуу аскерлерди согушка даярдоого, согуштук координацияны жана өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталат.

1638490
Азербайжан армиясы 15 миң аскер менен машыгуу өткөрөт

Азербайжан армиясы 15 миң аскер менен машыгуу өткөрөт.

Азербайжандын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, президент Илхам Алиев бекиткен планга ылайык 16-майда машыгуу өткөрүлөрү айтылды.

15 миң аскер кызмат кыла турган машыгууга болжол менен 300 танк жана брондолгон унаа, 400 ар кандай ракета менен замбирек системасы, 50 учак менен тик учак жана учкучсуз учуучу аппараттар катышат.

Машыгуу аскерлерди согушка даярдоого, согуштук координацияны жана өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталат.

Террордук топторго жана мыйзамсыз куралдуу бандаларга каршы күрөшүү боюнча да тренингтер өтө турган машыгуу 20-майга чейин уланат.



Тектеш кабарлар