Эрсин Татар: «Анастасиадис текеберди көргүсү келсе күзгүгө карашы керек»

Эрсин Татар Никос Анастасиадистин Пасха билдирүүсүндөгү сөздөрүнө жазуу жүзүндө жооп берди.

1633143
Эрсин Татар: «Анастасиадис текеберди көргүсү келсе күзгүгө карашы керек»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар, эки тең укуктуу эгемендүү мамлекеттин кызматташтыгына негизделген чечим сунушун «текебердик» деп мүнөздөгөн Кипр Рум Башкаруучулугунун лидери Никос Анастасиадисти күзгүгө карап, кимдин текебер экендигин көрүүгө чакырды.

Эрсин Татар Никос Анастасиадистин Пасха билдирүүсүндөгү сөздөрүнө жазуу жүзүндө жооп берди.

27-29-апрелде Швейцариянын Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жетекчилиги астында Кипр тараптары жана кепил өлкөлөр Түркия, Греция жана Британия катышкан 5 + БУУнун расмий эмес отурумунда, эки тең укуктуу эгемендүү мамлекеттин кызматташтыгына негизделген чечим табуу сунушу чоң жаңырыкка ээ болгонун белгилеген Татар, Рум тарап кара үгүт жүргүзүп, дүйнөлүк коомдук пикирди алдаганга аракет кылып жатканын билдирди.

Президент Татар: «Анастасиадис сөзүндө айтылган кайрылуусунда Кипр түрк элине «менин жарандарым» деп айтып, ал дагы бир жолу өзүнүн анахронисттик жана үстөмдүк кылган менталитетин ачып, биздин элди кемсинтүү үчүн менменсингенин көрсөттү. Дүйнө жана Анастасиадис муну билип коюшу керек, Кипр Түрк калкы Рум тарабынын азчылыгы жана жарандары эмес, эркин жана эгемендүү Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жарандары»,-деп кескин жооп берди.

Билдирүүдө, «Анастасиадис, Женевада мен сунуштаган эки эгемендүү мамлекеттин кызматташтыгына негизделген чечимимди, «жаңы Осмон империясын кыялданган адамдардын текебердиги» деп мүнөздөгөн Анастасиадиске менин жообум күзгүгө каранып, кимдин менменсингенин көрүүсү»,деген Татар: «Биз 1571-жылы Кипрди багындырып, аны түрк мекенине айланткан Осмон империясынын неберелери жана түрктөрдүн баласы болгонубуз үчүн сыймыктанабыз. Сүйлөшүү үстөлүнө алып барылган тең укуктуу эгемендүү эки мамлекеттин кызматташтыгына таянган сунушум болсо Кипр түрк калкынын көпчүлүгүнүн эрки болуп, аймактын эң чоң жана эң кубаттуу өлкөсү Түркия да колдойт»,- деди.

Анастасиадистин билдирүүсүндө табыла турган чечим моделинин кепилдиктердин алынып салынышын жана түрк аскерлеринин Кипрден чыгарылышын камтышы болгонун да айтканын эске салган Татар: «Түрк аскерлеринин Кипрде болушу биздин кызыл сызыгыбыз жана алардан баш тартуу эч качан мүмкүн эмес»,деп баасын берди.



Тектеш кабарлар