Түрк дүйнөсүнүн балдары Бакуга чогулду
Иш-чарага Азербайжан,Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриядан балдар катышты.
Азербайжанда Түрк дүйнөсүнүн балдары катышкан 23-Апрель Улуттук эгемендик жана Балдар майрамына карата иш-чара болуп өттү.
Борбор шаар Бакуда Түрк маданият жана мурас фонду тарабынан уюштурулган иш-чарага Азербайжан менен катар Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриядан балдар катышты.
Түрк маданият жана мурас фондунун жетекчиси Гүнай Эфендиева иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө, балдарды 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы менен куттуктады.
Түрк өлкөлөрүнүн ортосунда абдан жакшы мамилелердин бар экендигин белгилеген Эфендиева, балдардын да бир тууган өлкөлөрдүн маданиятын таанып-билиши керектигин баса белгиледи.
Иш-чара балдардын өнөрлөрү менен уланды.
Эфендиева иш-чаранын аягында балдарга сертификаттарды жана белектерди тапшырды.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.