Кыргызстанда Баш мыйзам долбооруна жана жергиликтүү кеңеш мүчөлөрүнө добуш берилүүдө

Болжол менен 6 миллион 500 миң калкы бар өлкөдө 3 миллион 606 миң 201 шайлоочу жергиликтүү убакыт боюнча саат 08: 00дө 7 аймакта, 2 чоң шаарда жана 26 шаарда ачылган 2 миң 474 үкөктө добуш бере баштады.

1618870
Кыргызстанда Баш мыйзам долбооруна жана жергиликтүү кеңеш мүчөлөрүнө добуш берилүүдө
KIRGIZİSTAN SEÇİM CUMHURBAŞKANI CAPAROV 1.jpg
KIRGIZİSTAN SEÇİM CUMHURBAŞKANI CAPAROV 2.jpg
KIRGIZİSTAN SEÇİM CUMHURBAŞKANI CAPAROV 3.jpg
KIRGIZİSTAN SEÇİM CUMHURBAŞKANI CAPAROV 4.jpg
KIRGIZİSTAN SEÇİM 1.jpg
KIRGIZİSTAN SEÇİM 2.jpg
KIRGIZİSTAN SEÇİM CUMHURBAŞKANI CAPAROV 5.jpg

Кыргызстанда эл башкаруунун түп тамырынан бери өзгөрүшүн караган жаңы конституциянын долбооруна добуш берүү үчүн жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын аныктоо үчүн добуштарын бере башташты.

Болжол менен 6 миллион 500 миң калкы бар өлкөдө 3 миллион 606 миң 201 шайлоочу жергиликтүү убакыт боюнча саат 08: 00дө 7 аймакта, Бишкек жана Ош шаарлары менен катар 26 шаарда ачылган 2 миң 474 үкөктө добуш бере баштады.

Жаңы түрдөгү коронавирустун (Kovid-19) эпидемиясына байланыштуу катуу чаралар көрүлгөн добуш берүү жараянын 10 мамлекеттен, 16 элчиликтен жана 10 эл аралык уюмдан 200гө жакын байкоочу жана 179 жергиликтүү жана чет өлкөлүк басма сөз кызматкерлери байкап жатышат.

Өлкө боюнча болжол менен 30 миң талапкер, анын ичинен 59 саясий партиядан 5 миң 300 аял жергиликтүү кеңештердеги 7560 орун үчүн ат салышууда.

Президент Садыр Жапаров жана анын жубайы Айгүл Жапарова чогуу добуш беришти.

Журналисттерге кайрылуусунда Жапаров коомчулукту добуш берүүгө чакырып: «Эгерде биздин эл Конституциянын долбоорун колдосо, анда биз эртең жаңы конституцияга ылайык жашай баштайбыз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар