Казакстан Түркия менен байланыш тармагындагы кызматташтыгын күчтөндүрөт

Казакстандын маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаева 5-6-апрелде Анкарага сапарынын алдында билдирүү жасады.

1614462
Казакстан Түркия менен байланыш тармагындагы кызматташтыгын күчтөндүрөт

 

Казакстан Түркиянын медиа тармагындагы бай тажрыйбасынан пайдаланууну каалайт.

Казакстандын маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаева 5-6-апрелде Анкарага сапарынын алдында билдирүү жасады.

Анкара сапарынын алкагында Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун менен жолугуша тургандыгын белгилеген Балаева:«Сапардын алкагында биз маалымат, дин, үй-бүлө жана жаштар саясаты, жарандык коомду өнүктүрүү жаатындагы эки тараптуу байланыштарды талкуулайбыз»,-деди.

Балаева, Түркиянын медиа тармагындагы бай тажрыйбасынан пайдаланууну каалагандыктарын билдирип,"Биз түрк өнөктөштөрүбүз менен байланыш жаатында өз ара мамилелерди бекемдөөнү максат кылабыз»,-деп айтты.

Медиа секторундагы эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүү үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырышарын билдирген Балаева, буга чейин Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (ТРТ) менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашканын билдирди.

Медиа тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн бир тууган элдердин мамилеси жагынан дагы маанилүү экендигин баса белгилеген Балаева, Түрк мамлекеттеринин медиа мекемелеринин ортосунда өз ара тилдүү берүүлөрдү түзүү жана түрк мамлекеттеринин жаңылыктар агымын камсыз кылуу сыяктуу изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар