Илхам Алиев : "Анмениянын 10 - ноябрдагы билдирүүсүн ишке ашырат деп ойлойм

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын 10 – ноябрдагы билдирүүсүн ишке ашырууну ойлогондугун белгиледи.

1591303
Илхам Алиев : "Анмениянын 10 -  ноябрдагы билдирүүсүн ишке ашырат деп ойлойм

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын 10 – ноябрдагы билдирүүсүн ишке ашырууну ойлогондугун белгиледи.

Пресс - жыйын өткөргөн Алиев Тоолуу Карабахта ок атышпоону түзгөн10 -ноябрдагы меморандуму тууралуу : «Согуштун жыйынтыктары өзгөрүүсүз калат.Декларациянын көпчүлүгү аткарылды. Армениядагы кырдаалга карабастан, процесс улана берет. Болбосо, мындан да начар абалда калат. Жаңы чындыктар менен беттешүүгө мажбур», - деди.

Армениядагы төңкөрүш кыймылына байланыштуу процесс тууралуу да билдирген Алиев : «Митингдер Армения мамлекетин кыйын абалда калтырды. Армениядагы абал улантылууда. Принцип катары эч бир өлкөнүн ички иштерине аралашпайбыз»,- деди.

Бул абалдын жооптуусу учурдагы өкмөт экендигин белгилеген Алиев : «Армения азыр абдан оор абалда. Мунун себеби азыркы жана мурунку башкаруулар. Армениянын бул абалга келишинин себеби баскынчылык саясат жүргүзүшү»,- деди.



Тектеш кабарлар