Бакуда Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилди

Азербайжанда 1992 -жылы 26 -февралда армяндар кылган Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилди.

1591556
Бакуда Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилди

Азербайжанда 1992 -жылы 26 -февралда армяндар кылган Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилди.

Азербайжан калкы армяндардын Хожалыдаөлтүргөн 613 кишини эскерүү үчүн борбор шаар Бакудагы «Ana Feryadı» эстелигинде чогулушту.

«Ana Feryadı»эстелигинде оболу президент Илхам Алиевдин катышуусу менен расмий салтанат өткөрүлдү, андан кийин эстелик элдин зыяратына ачылды.

Азербайжан байрактары жана плакаттар менен эстеликке келгендер бул жерге гвоздикаларды ташташты.

Кыргындан кутулган хожалылыктар менен каза болгондордун жакындары эстеликти зыярат кылышты.

Шейит жакындары жана жарандардын кээ бирлери дуа кылып, кээ бирлери да 29 жыл мурун болгон бул окуяны эстеп көз жаштарын кармай алышкан жок.

Армениянын куралдуу күчтөрү 1992 -жылы 26 -февралда мурунку советтик армиянын 366 - мотоаткычтар полку менен Азербайжандын Хожалы шаарын басып алып 613 кишини өлтүрдү. Алардын ичинен 63чү балдар, 106сы аялдар жана 70ши кары- картаңдар болгон.

Кыргындан 487 киши оор жаракат алган. Алардын 76сы балдар болгон.

Армян күчтөрү 1275 кишини туткунга алып,булардан 150 кишиден азыркыга чейин кабар алына албады.



Тектеш кабарлар