Президент Садыр Жапаров Татарстан Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту

Жолугушууда кыргыз-татар эки тараптуу байланыштарынын келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

1590203
Президент Садыр Жапаров Татарстан Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту
Sadır Caparov-Rustam Minnihanov 2.jpg
Sadır Caparov-Rustam Minnihanov 3.jpg
sadır Caparov-Rustam Minnihanov 4.jpg
Sadır Caparov-Rustam Minnihanov 5.jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  24-февралда Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-татар эки тараптуу байланыштарынын келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Татарстан элдерин маданиятынын, тилинин окшоштугу, бир дин, жалпы каада-салттар бириктирип турарын жана аларды колдоо зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Кыргызстан бүгүнкү күндө Россиянын өнүккөн аймактарынын катарына кирген Татарстандагы ийгиликтерге канааттануу менен көз салып тургандыгын кошумчалады.

Ал Рустам Миннихановдун кыргыз-татар эки тараптуу байланыштарын өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө ынтаа коюу менен мамиле кылгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Биз ар дайым тыгыз кызматташууга, эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгындагы экономикалык, соода, маданий байланыштарды өнүктүрүүгө ынтызарбыз»,-деп белгиледи Садыр Жапаров.

Татарстан Президенти Рустам Минниханов эки тараптын өз ара достук жана натыйжалуу байланыштарын колдоо өтө маанилүү экендигине токтолду.

Анын пикири боюнча, Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы экономиканы жана байланыштарды өнүктүрүү менен жаратман процесстерге көңүл буруу керек.

Рустам Минниханов электрондук башкаруу, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жана башка чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

 

Булак; КРнын Президентинин сайты

 



Тектеш кабарлар