«Моцарт» кемесиндеги Азербайжан жаранынын сөөгү Бакуга жөнөтүлдү
"Моцарт" кемеси 23-январда Нигериянын Лагос жээгинен 180 чакырым алыстыкта деңиз каракчыларынын кол салуусуна кабылган.
Нигериянын жээктеринде кол салууга дуушар болгон «Моцарт» кемесинин экипаж мүчөлөрүнүн бири болгон Азербайжан жараны Ферман Исмаиловдун сөөгү Азербайжандын борбор шаары Бакуга жөнөтүлдү.
Габондун баш калаасы Либревилден эртең менен Стамбул аэропортуна Түрк аба жолдоруна (THY) таандык учак менен алынып келинген Исмаиловдун сөөгү жүк ташуучу унаага жайгаштырылды.
Сөөк саат 07.30да THYнын Стамбул-Баку каттамын жүргүзгөн TK0332 номердүү пландаштырылган учагына жайгаштырылгандан кийин туулган жери Бакуга жөнөтүлдү.
Либерия желектүү "Моцарт" кемеси 23-январда Нигериянын Лагос жээгинен 180 чакырым алыстыкта деңиз каракчыларынын кол салуусуна кабылган.
Лагостон Түштүк Африканын Кейптаун шаарына бараткан кеменин 19 экипаж мүчөсүнүн бири өлтүрүлүп, 15и уурдалып кеткен.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.