Кыргызстан калкы президентин шайлайт жана мамлекеттик башкаруунун формасын тандайт

Шайлоодо чет өлкөлөрдө орнотулган 48  жана өлкө ичиндеги 2 миң 474 үкөктө, катталган 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу добуш бере алат.

1560529
Кыргызстан калкы президентин шайлайт жана мамлекеттик башкаруунун формасын тандайт
SEÇİM KIRGIZİSTAN 1.jpg

Кыргызстандын эли бүгүн (10-январда) өтө турган президенттик шайлоодо өлкөнүн башкаруу ыкмасын дагы  аныктайт.

Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун (СССР) тарашы менен 1991-жылы 31-августта эгемендүүлүккө ээ болгон Кыргызстандын саясий тарыхында сегизинчи жолу өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн 18 талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынан макулдук алды, бирок учурда 17 талапкер жарышка катышып жатат.

Шайлоодо чет өлкөлөрдө орнотулган 48  жана өлкө ичиндеги 2 миң 474 үкөктө, катталган 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу добуш бере алат.

Шайлоо учурунда коронавирустун жаңы түрүнө (Сovid-19) каршы күрөшүүнүн алкагында сунуш кылынган социалдык аралыкка, гигиенага жана маска эрежелерине көңүл бурулат.

Шайлоодогу жергиликтүү жана чет элдик байкоочулар көрө турган добуш берүү жараяны жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө башталды, 20.00дө аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо кеңештерине жиберилген жана шайлоочулар шайлоо күнү колдоно турган эки өзүнчө бюллетенге талапкерлердин ысымдары жана «баарына каршы» тандоосу жана ошондой эле «президенттик» система, «парламенттик» система жана «баарына каршы» тандоосу киргизилген.

Президенттик шайлоодо добуштардын жарымынан көбүн алган талапкер шайланды деп эсептелет, эч ким жетиштүү добушка ээ боло албаса эң көп добуш алган эки талапкер экинчи турда ат салышат.

Булак; Анадолу агенттиги

 



Тектеш кабарлар