Азрбайжан армян министрдин Тоолуу Карабахка жасаган сапарына каршылык көрсөттү

Армениянын тышкы иштер министри Айвазян кечээ Тоолуу Карабахка барып ал жердеги башкаруучулар менен жолугуушуларды өткөрдү.

1558365
Азрбайжан армян министрдин Тоолуу Карабахка жасаган сапарына каршылык көрсөттү

Азербайжан Армениянын тышкы иштер министри Ара Айвазяндын Тоолуу Карабахка барып армян башкаруучулар менен жолугушуусуна каршылык көрсөттү.

Азербайжандын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ара Айвазяндын сапарынын жана Тоолуу Карабахта кээ бир келишимдерге кол коюшунун Россия, Азербайжан жана Армениянын ортосунда 10 -  ноябрда кол коюлган үч тараптуу билдирүүгө карама  - каршы келгендиги, кагылышуулардын акырына чыгышынан кийин аймакта тынчтык, коопсуздук жана кызматташуу түзүү аракеттерине шайкеш келбегендиги белгиленди. Маалыматта 10 -  ноябрдагы билдирүүдө Армениянын премьер  - министри Никол Пашиняндын да кол койгондугу эске салынып : «Армения өкмөтү бул жагдайда милдеттерди алган. Ереван башкаруусунун бул милдеттерин  бузушу чагымчылдык. Ички коомчулук үчүн аткарылган мындай кыймылдар аймакта абалдын калыптанышына мүмкүнчүлүк бербейт. Армениянын жетекчилери негизсиз фантазиялар боюнча кыймыл кылбашы керек. Аймактагы жаңы чындыкты кабыл алышы керек. Үчтүк билдирүүнүн ишке ашышы үчүн жана аймакта пайда болгон жаңы коопсуздук форматы, өзгөчө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянган кадамдардын ташталышы тынчтык ичинде жанаша жашоого салым кошот. Мунун терси араздашууну күчөтүүдөн башка эч нерсе эмес»,- деп айтылды.  

Армениянын тышкы иштер министри Айвазян кечээ Тоолуу Карабахка барып ал жердеги башкаруучулар менен жолугуушуларды өткөрдү.



Тектеш кабарлар