Өзбекстандын президенти кызматташууга чакырды

Мирзиёев 2020-жылга баа берүү жана 2021-жылдын келечегин түшүндүрүү үчүн Жогорку Кеңешке кайрылды.

1554199
Өзбекстандын президенти кызматташууга чакырды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, өлкөсүнүн Түркия баш болгон негизги өнөктөштөрү менен ар тараптуу кызматташтыгын дагы да өнүктүрө тургандарын жарыялады.

Мирзиёев 2020-жылга баа берүү жана 2021-жылдын келечегин түшүндүрүү үчүн Жогорку Кеңешке кайрылды.

Тышкы саясатта Орто Азия өлкөлөрү менен жакшы коңшулаштыкты, өнөктөштүктү жана стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө маани бере тургандарын айтты.

Мирзиёев кийинки жылы Ташкентте Орто Азия менен Түштүк Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгын караган жогорку деңгээлдеги жолугушуу болот деп билдирди.

«Биз Борбордук Азияны Инди океаны менен байланыштырган Транс-Афганистан транспорттук коридорун түзүүгө карай алгачкы конструктивдүү кадамдарды жасадык. Бул долбоорду ишке ашыруу бүткүл чөлкөмдө туруктуулукту жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылат», - деп баа берген президент, коңшулаш Афганистанда тынчтыкты орнотуу үчүн мындан ары да колдоо көрсөтө тургандыктарын белгиледи.

Президенттик шайлоонун 2021-жылы өткөрүлөрүн айткан Мирзиёев: «Канчалык татаал болсо дагы, биз эч качан демократиялык реформалар жолунан тайбайбыз. Биз алдыга гана умтулуп, буга жетишебиз. Себеби биздин эл бүгүн кечээки адамдар эмес. Бүгүнкү Өзбекстан да кечээкидей эмес»,-деди.



Тектеш кабарлар