Азербайжан армиясы Келбежерге желек орнотту

1993 -  жылы Армения оккупацияга алган Келбежер облусуна 27 жылдан кийин кирген Азербайжан аскерлери шаардын борборуна желек орнотушту.

1535896
Азербайжан армиясы Келбежерге желек орнотту

1993 -  жылы Армения оккупацияга алган Келбежер облусуна 27 жылдан кийин кирген Азербайжан аскерлери шаардын борборуна желек орнотушту.

Азербайжандын коргоо министрлиги Азербайжан менен Армения кол койгон ок атышпоо келишими боюнча армян куралдуу күчтөрүнүн 25 -  ноябрда бошоткон Келбежердин көрүнүштөрүн жарыялады. Видеодо шаардагы имараттардын кыйрагандыгы жана өрттөлгөндүгү, көп сандаган дарактын кыйылганы көрүнүүдө.

Шаар борборундагы кыйрабаган имараттардын бирине кирген Азербайжан аскерлери айлананы тазалап  имаратка желек илишти. Шаарга кирген аскерлердин командири имараттын алдында Президент Илхам Алиевге кайрылып : «Урматтуу башкы командир, Азербайжан желеги Келбежер шаарында желбиреп жатат. Жашасын Азербайжан. Жашасын башкы командир. Карабах Азербайжандыкы»,- деди.

Азербайжан армиясы 27 -  сентярбда баштаган операцияда 5 шаар борборун, 4 поселок менен 286 айылдын бошотушу менен Армения жеңилүүнү кабыл алып, оккупацияга алган Агдам, Лачын жана Келбежер облустарын да бошоторуна убада берип келишимге кол койгон.

Армения ок атышпоо боюнча 20 -  ноябрда Агдамдан, 25 -  ноябрда да Келбежерден чыккан.



Тектеш кабарлар