Руслан Казакбаев Анкарада мекендештери менен жолукту
8-ноябрда, Түркиянын борбору Анкара шаарында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев мекендештери менен жолугушуу өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министри Руслан Казакбаев Түркияга иш сапары менен келди.
8-ноябрда, Түркиянын борбору Анкара шаарында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев мекендештери менен жолугушуу өткөрдү.
Руслан Казакбаев жетектеп келген делегация мекендештердин Кыргызстанга болгон каалоо-тилектерин, алардын өздөрүнүн көйгөйлөрүн кеңири угуп, жооп беришти.
Ошондой эле Вандагы Улупамир айылынан келген этникалык кыргыздар менен дагы баарлашып, алардын жылуу сөздөрүн жана айрым суранычтарын угушту.
Этникалык кыргыздар эне тилин унутуп бара жатышкандарын айтып, Кыргызстандан кыргыз тили, тарыхы жана музыка мугалиминин Улупамирге келип иштешин суранышты.
Казакбаев менен кошо келген делегация бул тема боюнча Элчилик иш жүргүзүп жатканын маалымдады.
Ал эми Казакбаев жетектеген делегациянын расмий жолугушуулары 9-10-ноябрда улантылып, билим берүү, маданият, экономика жана эки өлкөнүн карым-катнаштары тармагында жүргүзүлөт.
11-ноябрда Стамбулда кыргызстандыктар менен жолугушуу өткөргөн соң Кыргызстанга кайтып кетишет...
Түркиядагы кыргызстандыктар Кыргызстандын туура өнүгүү жолун тандап алып өсүп-өнүгүүсүн, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуусун каалашат.