ТКТРнын премьер-министри Татар аймактагы биргелешкен машыгууга каршы чыкты

Түркиянын Жер Ортолук деңизинде 1800 чакырымдай жээги бар экенин айткан  Татар, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын дагы деңизинде жээк тилкеси бар экенин жана  ушул аймакта иштеп жатканда муну көз жаздымда калтырбай турганын белгилеп өттү.

1479635
ТКТРнын премьер-министри Татар аймактагы биргелешкен машыгууга каршы чыкты

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) премьер-министри Эрсин Татар, Кипрдин Рум башкаруучулугу, Греция, Франция жана Италиянын арасында өткөрүлө турган аскердик машыгуулардын эл аралык укукка каршы келгенин айтты.

Түркиянын Жер Ортолук деңизинде 1800 чакырымдай жээги бар экенин айткан  Татар, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын дагы деңизинде жээк тилкеси бар экенин жана  ушул аймакта иштеп жатканда муну көз жаздымда калтырбай турганын белгилеп өттү.

Эрсин Татар, эл аралык мыйзамга ылайык, Кипрде эки тең укуктуу өнөктөш катары румдар менен түрктөр бар экенин жана Рум тарабы Кипр түрктөрү кабыл албаган бир дагы келишим же өнөктөштүккө катыша албай тургандыгын белгиледи.

Татар: «Бул машыгуу туура эмес жана эл аралык мыйзамга каршы келет. Кипрдин, Түркия, Улуу Британия жана Греция болуп 3 кепили бар. Кипр Рум тарабынын башка өлкөлөр менен келишимдик укугу жок. Бул кепилдиктерден тышкары Франция дагы башка өлкө дагы келе албайт. Бул машыгуу эмне үчүн? Эмнени далилдөөгө аракет кылып жатышат? Түркия менен согуш абалына кирди, кимдир бирөө Түркияны кантип кыйрата турганын сынап көрүшөт бекен?» деди.

Татар аймактагы согуш эч кимдин кызыкчылыгын көздөбөгөнүн баса белгилеп, ар дайым тынчтыкты жактай турганын жана аймакта стабилдүүлүктү каалаганын айтты.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинин барган сайын маанилүү аймакка айланганын белгилеген Татар, бул аймакта Түркия менен бирге күрөшүүнү уланта тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар