Түркиянын Ковид - 19 үчүн жардамдары Кыргызстанга барды

Вице  - премьер  - министр Аида Исмаилова Түркияга Кыргызстан жана өкмөттүн, элдин атынан ыракмат айтты.

1455613
Түркиянын Ковид  - 19 үчүн жардамдары Кыргызстанга барды

Президент Р. Т. Эрдогандын жолдомосу менен жаңы тип коронавирус менен күрөшүүгө салым кошуу максатында Кыргызстанга жиберилген медициналык каражаттар борбор шаар Бишкекке барды.

Медициналык каражаттарды ташыган түрк аба жолдоруна таандык 777 – 300 ER моделиндеги «Аясофия» аттуу  жүргүнчү учагы вице  - премьер  - министр Аида Исмилова, саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Калысбек Шадыканов,  Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фырат, Бишкек элчилигинин аскердик аташеси  полковник Мехмет Фатих Таш менен Кырыгзстандын тышкы иштер министрлигинин экономикалык дипломатия боюнча башкы директору Эрмек Өмүралиев тарабынан тосуп алынды.

Манас эл аралык аэропортуна түшүрүлгөн жардамдардын үстүндө президенттик байрак, Түркия жана Кыргызстан байрактары менен бирге Мевлананын : «Үмүтсүздүктүн артында канчалаган үмүт бар. Караңгылыктын артында канчалаган күн бар»,- деген сөздөрүнүн түркчө жана кыргызчасы орун алды.

Кутуларда 20 желдеткич, 50 кол кычкылтек концентраторлору, 50 00 N95 бет кап, 100 000 хирургиялык бет кап, 35 000 коргоочу кийим, 2 000 калкан, 20 000 PSR тести, 20 000 вирустук нуклеин кислотасын изоляциялоочу шаймандар менен 10 000 куту  гидроксихлорокин таблеткалары бар.

Вице  - премьер  - министр Исмаилова журналисттерге берген маалыматта Кыргызстанга бир тууган түрк калкынын медициналык каражат жардамдарынын келгенин белгилеп : «Бул жардам өлкөбүз үчүн абдан чоң колдоо. Бир тууган Түркияга Кыргызстан жана өкмөттүн, элдин атынан ыракмат айтамын»,- деди.

Түркиянын Бишкектеги элчиси Фырат да Түркиянын Кыргызстанга Ковид  - 19 менен күрөшүүдө мындан мурда да жардам жибергенин, мындан кийин да жардам берүүнү улантарын белгиледи.



Тектеш кабарлар