Казакстанда саясий реформалар улантылат

Казакстандын президенти Токаев өлкөдө кенен саясий реформалардын улантыларын белгиледи.

1411036
Казакстанда саясий реформалар улантылат

Казакстандын президенти Токаев өлкөдө кенен саясий реформалардын улантыларын белгиледи.

Касым Жомарт Токаев «Эгемен Казакстан» гезитине берген маегинде мезгилдин талабына карата реформаларды аткаргандарын белгилеп : «Менин демилгем боюнча  парламентте бир топ мыйзамдык түзөтүүлөр талкууланууда. Эч шексиз тынчтык жүрүштөрүнүн аткарылышы тууралуу мыйзам өлкөнүн дагы да  демократиялашуусунда маанилүү документ болот»,- деди.

Парламент жана кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын аялдар жана жаштар үчүн 30 пайыздык квота белгилей тургандыгын билдирген Токаев ушунун негизинде тийиштүү мыйзамдарда түзөтүүлөрдүн киргизилгендигин маалымдады.

Токаев  жобонун саяий партиялардын катталышынын жөнөкөйлөштүрүлүшү менен оппозиция институтунун түзүлүшү менен тийиштүү өзгөртүүлөрдү да күткөндүгүн белгиледи.

Жобону өзгөртүүнүн саясий процесстин либералдашуусу жолунда так кадам болоруна ишенгенин баса белгилеген Токаев кенен саясий реформалардын улантыларын айтты.

 

 

 



Тектеш кабарлар