Казакстандагы учак кырсыгы иликтенип жатат

Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жоомарт Токаев, 28-декабрды "Улуттук аза күтүү" күнү деп жарыялады.

1330414
Казакстандагы учак кырсыгы иликтенип жатат

Казакстанда жүргүнчү учагы кырсыкка учурап кеминде 12 киши каза тапты, 66 киши жаракат алды.

Казакстандын Чукул кырдаалдар комитетининин жарыясына караганда Алматы-Нур-Султан каттамы боюнча бараткан Бек Эйр аба жолдоруна таандык «Fokker 100» үлгүсүндөгү учактын учуу убагында турак үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөнү жарыяланды.

Алматы губернаторлугу учакта 8и бала жана 5и экипаждан турган 93 жүргүнчү болгонун билдирди.

Кырсыкта кеминде 12 киши каза тапканы 66 кишинин жаракат алганы маалымдалды.

Кырсык болгон жерде куткаруу иштери жүрүп жатканы белгиленди.

Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктура министрлиги кырсыктын себеби жарыяланганга дейре Бек Эйр фирмасынын каттамдарынын токтоулганын жарыялады.

Жарандык авиация комитетинин жарыясында да кырсыктын себеби белгиленге дейре өлкөдө «Fokker 100» үлгүсүндөгү учактардын учуусуна тыюу салынганы маалымдалды.

Бир тараптан Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жоомарт Токаев, 28-декабрды "Улуттук аза күтүү" күнү деп жарыялады.

Президенттин басма сөз катчысы Берик Уали, социалдык бөлүшүү барагы Фейсбуктагы жарыясында, «Президент Касым Жоомарт Токаев, 2019-жылдын 28-декабрын Алматыга жакын жердеги опурталдуу учак кырсыгынан улам «Улуттук аза күтүү» күнү деп жарыялады»,-деп бөлүштү.


Этикеткалар: #учакта , #Казакстанда

Тектеш кабарлар