Кыргызстанда Эл аралык кыска метраждуу кино тасма фестивалы өттү

Фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат жана Туризм Министрлиги менен Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрү бирикмесинин колдоосунда  "Манас" кинотеатрында 12-15-декабрь күндөрү болуп өттү.

1324384
Кыргызстанда Эл аралык кыска метраждуу кино тасма фестивалы өттү

Бишкекте "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалы аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрү фондунан билдиришти.

Фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат жана Туризм Министрлиги менен Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрү бирикмесинин колдоосунда  "Манас" кинотеатрында 12-15-декабрь күндөрү болуп өттү.

Быйыл фестивалга 700дөн ашык билдирүү келип түшкөн. Алардын арасынан улуттук сынакка 17 атамекендик тасма, ал эми эл аралык сынакка 14 тасма тандалып алынган. Алар КМШ өлкөлөрү, Балтика өлкөлөрү жана Грузиядан турат.

Кинофестиваль эки сынактык программадан – улуттук жана эл аралык программадан турган.

Эл аралык сынак:

- "Мыкты тасма": «Коллектив жана Мен», режиссеру – Адриана Розе (Латвия);

- "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү": «Караңгыда», режиссеру – Максим Капля (Россия);

- "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы": «Күн карама», режиссеру – Чыңгыз Сулумбеков (Кыргызстан);

- "Мыкты режиссердук иш": «Бакыт жана бир гана бакыт”, режиссеру – Марина Рощина (Украина).

 

Улуттук сынакта сыйлык алгандар:

- "Мыкты тасма": «Салт», режиссеру – Жанузак Мамытов;

- "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү": « Туулган жер», режиссеру – Гүлнара Айтмаматова, Азамат Асанбеков;

- "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы": «51+», режиссеру – Данияр Абиров;

- "Мыкты режиссердук иш": «Менин досум - менин душманым», режиссеру – Сүйүмкан Сулайманова;

- "Калыстар тобунун атайын эскертмеси" диплому: "Полигон", режиссеру – Дмитрий Лужанский.

Сынакта сыйлыкка ээ болгон жаш режиссерлорго 750 доллардан берилди.

Продюсер Фархад Бекманбетов: «Алдыдагы жылда 10-Эл аралык кыска метраждуу кино тасмалар фестивалына ушул убакка дейре уюштурган кыска метраждуу кино тасмалар фестивалдарына катышкан 300 чакты режиссерду чакырууну пландап жатабыз»,-деди.

Аземден соң сыйлыкка ээ болгон кино тасмалар кино сүйүүчүлөргө кайрадан көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар