ЖККУнун кезектеги төрагалыгы Кыргызстандан Орусияга өттү

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды.

1314380
ЖККУнун кезектеги төрагалыгы Кыргызстандан Орусияга өттү
ЖККУ БИШКЕК2.jpg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-ноябрда Бишкек шаарында өткөн Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын Уюмга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды.

«Кризистик жооп кайтаруу борборун укуктук тариздөө аягына чыгарылды.  Аскерий, аскерий-экономикалык жана аскерий-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө коюлган максаттарды жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар жасалды.  Бир катар ири машыгуулар, анын ичинде Россия Федерациясында алгачкы ирет „Эшелон“ атайын машыгуулары өткөрүлдү. Тажикстанда „Бузулбас боордоштук“ жана Россияда „Өз ара иш-аракет“ биргелешкен машыгуулары өткөрүлдү», — деп баса белгиледи Кыргызстан Президенти.

Сооронбай Жээнбеков натыйжада ЖККУга мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн иш-аракеттери шайкеш болушуна жетишилгенин жана алардын күжүрмөн даярдыгы жогорулаганын белгиледи. ЖККУнун коргонуу дараметин жогорулатуу жана аскерий кызматташууну өркүндөтүү боюнча  активдүү иш жүргүзүлгөнүн баса белгиледи. 

«Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү маселеси да дайыма көңүл борборунда болду. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн  „Эдельвейс“ полигонунда „Гром“ тактикалык-атайын машыгуулары өткөрүлдү», — деп баса белгиледи ал. 

Кыргызстан Президенти ошондой эле башка эл аралык жана регионалдык түзүмдөр менен кызматташтыктын кеңейип жатканын да белгиледи. 

«Ушул жылдын июль айында БУУнун Башкы Ассамблеясында „БУУ менен ЖККУнун ортосундагы кызматташтык жөнүндө“ резолюция кабыл алынган. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын террорчулук жана экстремисттик максаттарда пайдаланылышын аныктоо, анын алдын алуу жана ага бөгөт коюу маселелери боюнча ыкчам өз ара иштешүү уланууда. Уюмубуздун алкагында жалпы антитеррорчулук мейкиндикти калыптандыруу боюнча милдеттер аткарылууда», — деп баса белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпысынан Уюмга төрагалык кылган мезгил ичинде алдыга коюлган пландар ийгиликтүү ишке ашканын белгиледи.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунда (ЖККУ) төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-ноябрда, Бишкек шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында билдирди.

Уюмга мүчө мамлекеттеринин башчылары ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүү боюнча актуалдуу маселелердин кеңири спектрин чакан жана кеңири курамда талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын бул жылы Уюмдагы төрагалыгы жыйынтыкталды.

Төрагалык ийгиликтүү жана жемиштүү болгону, белгиленген приоритеттер жана пландар толук көлөмдө ишке ашырылганы белгиленди.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынтыктары боюнча Уюмдун алкагында мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган 15 документке кол коюлду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путинди ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинде төрагалыкты кабыл алуусу менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады жана Россиянын төрагалыгы 1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө менен шайкеш келип калгандыгынын символикалуу болгонун баса белгиледи.

ЖККУнун Саммитинин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекет башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Бишкек шаарындагы ЖККУ Саммитине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучусу Валерий Семериков катышышты.

Булактар; КРнын Президентинин расмий сайты, КТРК



Тектеш кабарлар