Казакстанда түрк жазууларынын чечмеленишинин 126 - жылы белгиленди

Казакстандын борбор шаары Нур Султанда мурунку түрк жазууларынын чечмеленишинин 126 жылдыгынан улам иш чара өткөрүлдү.

1311923
Казакстанда түрк жазууларынын чечмеленишинин 126 -  жылы белгиленди

Казакстандын борбор шаары Нур Султанда эски түрк жазууларынын чечмеленишинин 126 жылдыгынан улам иш чара өткөрүлдү.

Улу будун (Улуу калк) коому тарабынан Казакстан улуттук музейинде өткөрүлгөн иш чарада түрк жазуусуна байланыштуу кино көрсөтүлдү. Катышуучулар  жазуунун тарыхына байланыштуу докладдарды окушту.

Улу Будун коомунун жетекчиси Мерует Курмангалиева 25 -  ноябрдын түрк жазуусу табылган күн экендигин белгилеп : «Түрк жазуусу менен түрк элдеринин беригүүсүн негизин түзүп жатабыз. Максатыбыз маданият, өнөр жана тарыхтын арачылыгы менен түрк мамлекеттерин бириктирүү»,- деди.

Түрк жазуусу биринчи жолу табылган 25 -  ноябрдын түрк республикаларында белгиленишин каалагандыгын айткан Курмангалиева : «Келерки жылы мындай иш чаралардын бардык түрк элдери тарабынан да белгиленерин ойлоп жатам»,- деди.

Курмангалиева түрк жазуусу жанданган күндөн улам Кызылордо менен Алматы аймактарында да иш чаралардын өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Иш чарага түркологдор, илимпоздор, казак, кыргыз, ногой, түркмөн, уйгур, Алтай, Гагавуз, татар, хакас жана башка түрк элдеринин өкүлдөрү катышты.

Түрк жазуусу биринчи жолу 1893 -  жылы 25 -  ноябрда даниялык илимпоз Вильгельм Томсен тарабынан чечмеленген.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар