Казакстан Эл аралык Атом Энергиясы Агенттигинин урандарын сактайт

Эл аралык Атом Энергиясы Агенттигинин төмөнкү деңгээлде байытылган урандын биринчи бөлүмү сакталуу үчүн Казкстандагы эл аралык уран банкына алып барылды.

1290417

Казакстандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Өскемен шаарындагы төмөнкү деңгээлде байытылган эл аралык уран банкында атомдук электр станцияларынын реакторлору үчүн күйүүчү  май даярдоо максатында жогорку ысыктыкта газга айланган формасы (гексафторид) менен 90 метрикалык тоннага чейин төмөнкү деңгээлде байытылган урандын сакталары белгиленди.

Эл аралык Атом Энергиясы Агенттигинин төмөнкү деңгээлде байытылган урандардын биринчи бөлүгүн сактоо үчүн уран банкына алып барылгандыгы билдирилген маалыматта банкта орун ала турган резервдердин радиоактивдүү таштанды эмес экендиги, адамдарга жана экологияга зыянын тийгизбей тургандыгы белгиленди.

Төмөнкү деңгээлде байытылган уран банкы Казакстандын куруучу президенти Нурсултан Назарбаевдин колдоосу менен 2017-  жылы Өскемен шаарынын Улба металлургия заводунун негизинде ачылган.

Тектеш кабарлар