Элчи Өмүралиев Түркиянын Улуттук билим берүү министри менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу ЭлчисиКубанычбек Омуралиевдин Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү Министри Зия Сельчук  менен жолугушуусу болуп ѳттү.

1235414
Элчи Өмүралиев Түркиянын Улуттук  билим берүү министри менен жолукту
omuraliev-selcuk2.jpg
omuraliev-selcuk3.jpg

2019 -жылдын 9 -июлунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук  Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү Министри Зия Селчук  менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун абалын, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим көпүрөсү болгон Кыргыз-Түрк "Манас" Университети өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүлүү мисалы экендигин белгилешти.

Түрк тарап, Ван провинциясынын Эрджиш районунун Улуу Памир айылына Кыргызстандан келе турган кыргыз тил жана адабият, кол ѳнѳрчүлүк жана музыкадан сабак бере турган мугалимдеринин айлык маянасынын маселесин чече тургандыгы тууралуу ишендирди.

Тараптар Билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө Ѳкмөттөр аралык Макулдашууга тез арада кол коюу зарылчылыгын белгилешти.

 



Тектеш кабарлар