Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев китебинде Назарбаев тууралуу жазды

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин «Тарых жараткан адам» аттуу китебинин таанытуу жыйыны Анкарада өткөрүлдү.

1222204
Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев  китебинде Назарбаев тууралуу жазды

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдат Амреев Казакстандын керек болсо аймагында, керек болсо дүйнөдө бир модель өлкө экендигин белгиледи.

Казактандын Анкара элчилигинин кожоюндугунда Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин өлкөнүн куруучу президенти Нурсултан Назарбаевди жана өлкөнүн жакынкы тарыхын жазган «Тарых жараткан адам» аттуу китебинин таанытуу жыйыны Анкарада бир мейманканада өткөрүлдү.

Жыйынга Казакстандын Анкарадагы элчиси Абзал Сапарбек уулу менен Түрк Кеңешинин башкы катчысы Амреев, президенттиктин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Түрк Кеңешинин Аксакалдар Кеңешинин мүчөсү, элчи, профессор докор Адил Ахметов менен көп сандаган дипломат жана илимпоздор катыты.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Түрк Кеңешинин башкы катчысы Амреев Казакстандын көз карандысыздык тарыхынын өлкөнүн куруучу президенти Нурсултан Назарбаев менен жаралгандыгын белгилеп, 9 -  июнда эл тарабынан өлкөнүн экинчи президенти болуп шайланган Касым Жомар  Токаевдин да ийгиликтүү дипломат жана ишенимдүү бир мамлекеттик кызматкер экендигин баса белгиледи. Өлкөсүнүн саясий өнүгүшүн жана тышкы саясатын колго алган «Тарых жараткан адам» китебинин маанисин белгилеген Амреев: «Казакстан керек болсо аймагында, керек болсо дүйнөдө өзүнчө бир модель өлкө. Бул модель мурунку муундун сезимин жана жаш муундун динамизмин бир жерде кармап турат»,- деди.

Назарбаевдин Казакстандын аймактык бир күч жана эл аралык аренада маанилүү бир актер болушу менен бирге түрк дүйнөсүнө маанилүү салым кошкондугун айткан Амреев Түркиянын президенти Р. Т. Эрдогандын сунушу жана Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн кабыл алышы менен Казакстандын куруучу президенти Нурсултан Назарбаевге «Түрк Кеңешинин өмүр боюу сыймыктуу төрагасы» деген наамдын берилгендигин эске салды.

Элчи Сапарбек уулу өлкөнүн куруучу президенти Нурсултан Назарбаевдин көз карашы жана келечекке карата таштаган кадамдары менен Казакстандын бүгүнкү көз карандысыз жана заманбап абалга келгендигин баса белгиледи.

Элчи Сарапбек уулу : «Тарых жараткан адам» китебинин Казакстандагы саясий улануучулугунан сөз кылышы жана жазуучусу менен маанилүү бир булак болгондугун айтты.

Президенттиктин башкы кеңешчиси Топчу да иш чарада сүйлөгөн сөзүндө аймактык жана эл аралык кризистердин чечилишинде Казакстандын куруучу президенти Назарбаевдин ролуна жана Казакстандын ордуна көңүлдөрдү бурду. Бул китептин келечектеги урпактар үчүн абдан маанилүү экендигин белгилеген Топчу : «Назарбаев бир гана ата журтубуз Казакстан үчүн эмес, Евразия үчүн, түрк дүйнөсү үчүн жана дүйнө тынчтыгы үчүн маанилүү лидер»,- деди.



Тектеш кабарлар