Афганстан менен Түркмөнстандын ортосунда 7 келишимге кол коюлду

Афганстан менен Түркмөнстандын ортосунда соода, экономика, темир жол жана электр сыяктуу тармактарда келишимге кол коюлду.

1220010
Афганстан менен Түркмөнстандын ортосунда 7 келишимге кол коюлду

Афганстан менен Түркмөнстандын ортосунда соода, экономика, темир жол жана электр сыяктуу тармактарда кызматташууну күткөн 7 келишимге кол коюлду.

Афганстандын батышындагы Герат аймагында өткөрүлгөн кол коюу аземине Түркмөнстандын Министрлер Кеңешинин төрага орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередов, Афганстандын финансы министри Мухаммед Хумаюн Каййуми менен Герат губернатору Абдул Каййум Рахими катышты.

Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн Афганстандын финансы министри Каййуми  бул келишимдер менен эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн жогорулай тургандыгын белгиледи.  

Каййуми Акина  - Андкхой жана Тургунди  - Герат темир жолунун курулушунда да кызматташуу түзүшөрүн билдирди. Башка бир келишимдин да Герат шаарына берилген түркмөн электринин көлөмүнүн чоңойтулушу экендигин айткан Каййуми өзгөчө Бадгис аймагынын Муричак айылына электр линиясынын тартылышы үчүн макулдашуу меморандумуна кол коюлгандыгын белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар