Кыргызстандын Элчилиги 9-Май Жеңиш күнүн мурдагы Совет элдери менен бирге белгиледи

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73-жылдыгын Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги КМШ мамлекеттердин Анкарадагы элчиликтери менен бирге белгиледи.

967561
Кыргызстандын Элчилиги 9-Май Жеңиш күнүн мурдагы Совет элдери менен бирге белгиледи
9 Mayıs1.jpg
9 Mayıs8.jpg
9 Mayıs12.jpg

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73-жылдыгын Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги КМШ мамлекеттердин Анкарадагы элчиликтери менен бирге белгиледи. Орусиянын элчилигинде уюштурулган иш-чарага кыргыз элчилиги, Анкарадагы студенттер, иштеп жүргөн мекендештер чогулду. Анда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргыз баатырлары Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев баш болгон жоокерлердин сүрөттөрү илинген. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов: “Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көргөзгөн бабалар эч качан унутулбайт. Ал согушта кыргыз жоокерлери орус, белорусь, украин, казак, өзбек улутундагылар менен ийин тиреше салгылашкан. Бүгүн биз КМШ өлкөлөрүнүн элчиликтери Улуу Жеңиш майрамын биргеликте белгилеп жатабыз” – дейт. Эске салсак жеңишке арналган майрамдык иш-чара Анкарада жыл сайын өткөрүлүп турат.

 



Тектеш кабарлар