Түркиядагы кыргыздар Изниктеги «Кыргыздар күмбөзүнө» зыярат кылышты

Кыргыз жоокерлеринин түрк элине жасаган эрдиктерин унутпаш үчүн Орхан Гази тарабынан күмбөз курдурулган.

966152
Түркиядагы кыргыздар Изниктеги «Кыргыздар күмбөзүнө» зыярат кылышты
iznik23.jpg
iznik14.jpg
iznik15.jpg
iznik16.jpg
iznik2.jpg
iznik4.jpg

Кыргызстан достук жана маданият коому Түркиядагы Изник шаарынын чебин алууда курман болгон кыргыз баатырларынын арбактарына багыштап куран окутту. Түркия мамлекетинин Бурса областындагы Изник көлүнүн жээгинде чакан Изник деген шаары бар. Бул көпчүлүккө узак доорлордун маданиятын өзүнө камтыган тарыхы менен белгилүү. Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын жанында күмбөз бар. Ал күмбөздү жергиликтүү калк «Кыргыздар күмбөзү» деп коюшат. Бул күмбөз кыргыздарга кандайча таандык болуп калгандыгы тууралуу тарых барактарында мындайча баяндалат: Илгерки заманда Кыргыз эли Улуу Жибек жолун абдан мыкты билген. Кытайдан баштап Египетке чейинки жолдорду жакшы билгендиктен, бул жолдордо кыргыз баатырлары соодагерлер менен бирге келип кетип жүргөн. Анадолуда жашаган башка бийликтерге каршы согуш болуп, Изник чебин алууга кыргыздар да катышат. Кыргыз жоокерлеринин түрк элине жасаган эрдиктерин унутпаш үчүн Орхан Гази тарабынан күмбөз курдурулат. Биринчи күмбөздү “Жети бир туугандар” деп аташат, андан кийин “Кыргыздар күмбөзү” деп аталып калган. Белгилей кетсек бул күмбөзгө жергиликтүү эл куран окуп, сыйынууга абдан көп келишет. Кыргызстан достук жана маданият коому сегиз жылдан бери Изник шаарында Стамбул, Анкара шаарлары баш болгон Түркиянын жалпысындагы мекендештердин башын бириктирип, куран окуп кой союушат. Бул жылы да Кыргызстан достук жана маданият коому тарабынан мал союулуп, баатырлардын арбактарына багышталып куран окулду. Бир нече улуттук оюндарыбыз ойнолду. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков баш болгон расмий меймандар катышышты. Демилгенин башында тургандардын бири Айбек Сарыгулов келгендерге кыргыз элин дүйнө жүзүнө маданияты жана тарыхы менен танытуу керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар