Нурсултан Назарбаев менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө эки тараптуу кызматташтыктын абалы, келечеги менен бирге Армениядагы абалдар каралды.

964533
Нурсултан Назарбаев менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Орусиянын президенти В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Казакстандын президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта лидерлердин эки тараптуу кызматташтыктын абалы, келечеги менен бирге Армениядагы абал, аймактык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу темаларын сүйлөшкөндүгү билдирилди.

Маалыматта өзгөчө президенттердин 14 -  майда Сочиде өткөрүлүшү пландалган Евразия Экономикалык Жогорку Кеңешинин жыйынына даярдыктары да болуп алдыда өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдүн программаларын карап чыгышканы белгиленди. Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн лидеринин өткөн жылы Евразия Экономикалык Биримдигинин тышкы соода көлөмүнүн 24, 4 пайызга жана бири бирине карата соода көлөмүнүн 26, 1 пайызга өскөндүгүнө басым жасашкандары жана тараптардын эл аралык коомчулуктун Евразия Экономикалык Биримдигине болгон кызыгуусунун жогорулагандыгын белгилешкендери билдирилди.

Эки  лидер 9 -  май жеңиш күнүнөн улам бири бирин куттукташты.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар