Баку Формула 1ге даярданууда

Азербайжан Гран При Азадлык аянтында башталат.

959379
Баку Формула 1ге даярданууда

Азербайжандын борбор шаары Баку Формула  1 дүйнө чемпиондугун үчүнчү жолу өткөрөт. Сезондун 4 -  жарышы Азербайжан Гран Приге саналуу күндөр калды жана акыркы даярдыктар көрүлүүдө.

27 – 29 -  апрель күндөрү өткөрүлө турган этаптан мурда жарыш боло турган көчөлөр унаалар жана жөө жүргүнчүлөргө жабылып аянтка айландырылды.      

Трибуналар Азадлык жана Азнефт аянттары, Кыз чеби менен чептин капкалары сыяктуу тарыхый жана маданий курулуштардын маңдайына курулду.     

Азербайжан Гран При жарышында көрүүчүлөр АКШ ырчысы       Кристина Агилераны көрүү мүмкүнчүлүгүнө жетишет.  

Азербайжан Гран При Азадлык аянтында башталат.   Унаалар Каспий деңизинин жээгиндеги проспектиден өтүп тарыхый Ичеришехрин тегеренет жана кайрадан Азадлык аянтындагы аяктоо сызыгына барат.  

Азербайжан мындан кийинки 2 сезондо да Формула  1дин дүйнө чемпиондугунун календарында орун алат.



Тектеш кабарлар