Айтматовду эскерүү жылынын ачылышы Анкарада болду

Анкарадагы Мамлекеттик театры Шинаси сахнасында «Чынгыз Айтматовду эскерүү жылынын ачылышы» аттуу иш-чара уюштурулду. (Видео)

955361
Айтматовду эскерүү жылынын ачылышы Анкарада болду

Эл аралык түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ) 2018-жылды кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун туулганынын 90 жылдыгына арнап «Чынгыз Айтматов» жылы деп жарыялаган.

Ушуга байланыштуу Анкарадагы Мамлекеттик театры Шинаси сахнасында «Чынгыз Айтматовду эскерүү жылынын ачылышы» аттуу иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов, Түркия Республикасынын Президентинин кеңешчиси проф. Ялчын Топчу, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүсен Касеинов, Анадолу Мектебинин башкаруу кеңешинин төрагасы, мурдагы министр, проф.Сами Гүчлү, Кыргыз Республикасынын мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси проф. Ибрагим Жунусов менен медиа мүчөлөрү, Анкара шаарынын калкы жана Анкарадагы ар кайсы мектептерден калың топ окуучулар катышышты.

Расмий сөз сүйлөөлөрдө бардыгы тең ТҮРКСОЙ жарыялаган  «Айтматов жылынын» ар түрдүү маданий иш-чаралар менен катар илимий иш-чаралар менен да коштолушун каалап, жылдын ийгиликтүү өтүшүн тилешти.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Айтматов тууралуу талкуу уюштурулуп, аны Малтепе университетинин билим берүү факультетинин деканы, проф.Рамазан Коркмаз жетектеп, Азербайжан жазуучулуар союзунун төрагасы, акын-жазуучу Анар Рызаев, Казакстан жазуучулар союзунун төрагасы, жазуучу Улугбек Эсдаулетов, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын академиги, проф. Абдулдажан Акматалиев катышып, өздөрүнүн Айтматов жана анын чыгармалары тууралуу баалуу ойлорун бөлүшүштү.

Андан соң  Айтматовдун чыгармачылык жолу тууралуу синевизион көрсөтүлдү.

Аны улай КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан даярдалган Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан алынган спектаклдерден үзүндүлөр тартууланды.

 



Тектеш кабарлар