Казакстан ТИКАнын арачылыгы менен аракандык мусулмандарга жардам берди

Тамак - аш жана гигиеналык жардамдар 20 миң аракандык үй - бүлөгө таркатылды.

955147
Казакстан ТИКАнын арачылыгы менен аракандык мусулмандарга жардам берди
kazakistan-tika-arakan yardim1.jpg

Мьянмадан Бангладешке баш калкалаган аракандык мусулмандарга карата Казакстандын берген жардамдары ТИКА кызматташтыгында качкындарга жеткирилди.

ТИКА тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Бангладештеги бөлүштүрүү жеринде күрч, май, жасмык жана ушуга окшогон материалдар орун алган тамак  - аш менен гигиеналык  пакеттер 2 миң аракандык үй  - бүлөгө берилди.

Тамак  - аштарды таркатууга Казакстандын Исламабад элчиси Барлыбай Садыков да катышты.

Рамазан айында  да аймактагы 20 миң үй  - бүлөгө жардам жеткирилери максат кылынууда.

2017 – жылы Мьянмада  мусулмандарга карата кол салуулардан качып Бангладешке баш калкалаган аракандык мусулмандардын саны 671 миң 500гө жетти.

Бангладешке качуу толкуну башталган алгачкы мезгилдерде аймакка бир топ эл аралык мекеме тарабынан жардамдардын жеткирилгендигине карабастан өкмөт жетекчилери эл аралык коомчулуктун аймакка болгон кызыгуусунун барган сайын азайгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар