Казакстандагы китепканага кызыгуу абдан чоң

Күнүгө жүздөгөн  жергиликтүү жана чет элдик турист келген китепкана ошол эле учурда Нурсултан Назарбаев Борбору деп да аталат.

941661
Казакстандагы китепканага кызыгуу абдан чоң

Казакстандын борбор шаары Астанадагы Биринчи президенттик китепкана көк жүзүнө караган көз формасындагы архитектурасы менен туристтердин кызыгуусун тартууда.

Күнүгө жүздөгөн  жергиликтүү жана чет элдик турист келген китепкана ошол эле учурда Нурсултан Назарбаев Борбору деп да аталат.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен белгилүү архитектор Норман Фостер тарабынан долбоорлонуп, 2014 -  жылы кызматка ачылган китепкананын чатыры болоттон жасалган. Чатыр айнек менен капталгандыктан имарат маанилүү өлчөмдө күн нурун ала алат.

Имараттын эң астыңкы кабатында архив жана техникалык бөлмөлөр, биринчи жана экинчи кабатында музей менен көргөзмө залдары, үчүнчү кабатында китеп бөлүмү, жетинчи жана тогузунчу кабаттарында президент Нурсултан Назарбаевдин иш алып баруу офиси, башка каттарда да офистер бар. Тогуз кабаттуу китепканада дүйнөлүк адабияттагы миңдеген китеп орун алып, музейде жана көргөзмө залдарында чет элдик өлкөлөрдүн лидерлеринин президентке берген сыйлык жана белектери жайгаштырылган.

Биринчи президенттик китепкананын директорунун орун басары Ботагөз Кайыпова берген маалыматында көк жүзүнө караган көз формасындагы имараттын Казакстандын келечекке карашынын символу экендигин айтты. Кайыпова имараттын ак мармар менен капталгандыгы туристтердин кызыгуусун тарткандыгын айтып : «Имаратка туристтер абдан чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө. Жуманын ичинде эң аз 500 киши келип, жуманын аягында бул сан 2 миңге чыгат. Китепкананы өткөн жылы  өткөрүлгөн Астана Expo 2017 жарманкесинин негизинде 3 айда 75 миң чет элдик турист келип көрдү»,- деди.

Имараттын экинчи жана үчүнчү кабатындагы көргөзмө жана музей бөлүмүндө өлкөнүн көз карандысыздык процесси тууралуу материалдардын бар экендигин айткан Кайыпова имаратта президенттин атайын архивине таандык 140 миң материал менен китепканадагы 28 миңден ашуун китеп жана жазуунун сакталгандыгы тууралуу маалымат берди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар