Түркмөнстанда шайлоо өтүп жатат

Түркмөнстандын Шайлоо кеңешинин жарыясына караганда, шайлоо бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:00де башталып 19:00да соңуна чыгат.

937034
Түркмөнстанда шайлоо өтүп жатат

Түркмөнстанда эл депутаттарды шайлаш үчүн шайлоо участкаларына бара баштады.

Түркмөнстандын Шайлоо кеңешинин жарыясына караганда, шайлоо бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:00де башталып 19:00да соңуна чыгат.

125 орундуктуу Парламент үчүн ар кайсы саясий партияларга мүчө жана көз карандысыз 284 талапкер ат салышат.

Чет өлкөдөгү атуулдар Түркмөнстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө добуш беришет.

Түркмөнстанда бүгүн Парламенттик шайлоо менен катар облус, район жана шаардык кеңештин мүчөлүгү менен «Кеңеш» деп аталган жергиликтүү башкарунун мүчөлөрү да шайланат.

Шайлоону, КМШ өлкөлөрү жана ЕККУ сыяктуу эл аралык мекемелердин өкүлдөрү байкашууда.



Тектеш кабарлар