Казакстан Ядролук куралдарга тыюу салуу келишимине кол койду

Казакстан БУУму тарабынан 2017 – жылы июль айында кабыл алынган Ядролук куралдарга тыюу салуу келишимине кол койду.

922133
Казакстан Ядролук куралдарга тыюу салуу келишимине кол койду

Казакстан БУУму тарабынан 2017 – жылы июль айында кабыл алынган Ядролук куралдарга тыюу салуу келишимине кол койду.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта келишимдин Казакстандын БУУмунун туруктуу өкүлү Кайрат Умаров тарабынан Нью – Йоркто  өткөрүлгөн аземде кол коюлгандыгы белгиленди.

Казакстандын келишимдин түзүлүшү жана кабыл алынышына активдүү түрдө катышкандыгына көңүл бурулган маалыматта : «Келишимдин негизги өкүмдөрү дүйнөнүн эң өп ядролук куралына ээ төртүнчү өлкөсүнөн ядролук куралсыздануу жана ядролук куралдардын жайылышына бөгөт болууда лидер өлкөгө айланууда узун жолду басып өткөн Казакстанды жетектөөчү өлкөгө айландырат»,- деген сөздөр орун алды.

Ушул күнгө чейин Казакстан да болгон 57 өлкө кол койгон Ядролук куралдарга тыюу салуу келишими 2017 -  жылы июль айында БУУда ядролук куралга ээ өлкөлөр АКШ, Британия, Орусия, Франция, Кытайдын бойкотуна карабастан 122 өлкөнүн колдоосу менен кабыл алынган. Келишимде ядролук куралдардын толугу менен жоюлушу максат кылынып тараптарга баш ийдирүүчү мыйзамдуу мажбурдуулук келтирилбейт.

 

 



Тектеш кабарлар