Түрк тилдүү өлкөлөр жана тууган коомдордун улуттук китепканалар биримдиги түзүлдү

Улуттук китепканалар биримдигинин статусуна байланыштуу долбоор тексти улуттук китепкана жетекчилери жана өкүлдөрүнүн бекитүүсүнө сунушталды.

841450
Түрк тилдүү өлкөлөр жана тууган коомдордун улуттук китепканалар биримдиги түзүлдү

 

Эл аралык түрк маданият уюму ТҮРКСОЙдун да кошкон салымы менен Антальяда 30 -  октябрь – 2 -  ноябрь күндөрү өткөрүлгөн Түрк тилдүү өлкөлөр жана тууган коомдордун улуттук китепкана башкаруучулар жыйыны эмгегинин акырында «Түрк тилдүү өлкөлөр жана тууган коомдордун улуттук китепкана биримдигинин»  курулгандыгы билдирилди. Жыйында сүйлөгөн сөзүндө ТҮРКҮБИРдин курулушунун түрк дүйнөсү үчүн маанисин белгилеген Фырат Пурташ түрк дүйнөсү мекемелеринин арасында мекемелешүүдө ийгиликтүү болгон китепканалар экендигине көңүлдөрдү бурду. Пурташ өзгөчө түрк дүйнөсүнүн жазуу түрүндөгү мурасыбыздын баалуу үлгүлөрүнөн болгон «Диванү Лүгатит -  түрк» менен «Пири Реси картасынын» 2017 -  жылы 31 -  октябрда ЮНЕСКО дүйнөлүк мурас тизмесине катталышынын сүйүнчүсүн берди.

Жыйында улуттук китепканалар биримдигинин статусуна байланыштуу долбоор тексти улуттук китепкана жетекчилери жана өкүлдөрүнүн бекитүүсүнө сунушталды.

Азербайжан, Башкортстан, Гагавуз Жери, Казакстан түндүк Кипр Түрк Республикасы, Кыргызстан, Өзбекстан, Татарстан жана Түркия куруучу мүчө; Босния Герцеговина, Якутия, Македония, Косова, Монголия улуттук китепканалары  болсо байкоочу өлкө катары катышкан жыйында китепканалардын статусуна байланыштуу долбоор тексттин добуш бирдиги менен бекитилишинен кийин «Түр тилдүү өлкөлөр жана тууган коомдорнун улуттук китепканалары биримдиги» ТҮРКҮБИРдин курулгандыгы жарыяланды. Расмий тили түркчө деп белгиленген жана борбору Анкарада боло турган ТҮРКҮБИР түркчө, орусча жана англис тилинде  ишин улантат.

 

 

 



Тектеш кабарлар